Жаңылыктар
Декларация тапшыруу өнөктүгү уланууда
Экономика
Декларация тапшыруу өнөктүгү уланууда

Декларация тапшыруу өнөктүгү уланууда. 1-апрелге чейин юридикалык жана физикалык жактар былтыркы жылы тапкан кирешеси, экономикалык ишмердүүлүгү, мүлкү жана жер тилкелери боюнча салык кызматына маалымат берет.  

Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү - салык кызматына эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлегендер да декларация тапшырышы керек. Алар милдеттүү түрдө киреше жана чыгашасы тууралуу декларацияны электрондук түрдө тапшырат. Жеке эле өзүнүн эмес жакын туугандары да декларация бериши абзел. 

Эгер декларация тапшыруучу мүлктөрү же кирешеси боюнча кайсы бир маалыматты толтурбай калса 30-июнга чейин такталган болбосо кошумча маалымат берсе болот. Андан кийин толук маалымат иштелип чыгат.

Буга чейин саясий, атайын мамлекеттик жана административдик мамлекеттик кызматты ээлегендер киреше тууралуу декларацияны салык кызматынын бирдиктүү салык декларациясына эмес мамлекеттик кадр кызматына тапшырып келген. Эми мындан ары декларацияны салык кызматына гана тапшырат. Мүлк боюнча шек жараткан маалыматтар атайын комиссия тарабынан каралып, чечим кабыл алуу үчүн башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

Бул да болсо коррупция менен күрөшүүнүн бир ыкмасы экенин айткан эксперттер мамлекеттик кызматкерлердин милдеттүү түрдө декларация тапшыруусунан жакынкы келечекте майнап чыгат деген пикирде. Биринчи кезекте чиновниктердин жашыруун байлыктары ачыкка чыгат.