Жаңылыктар
Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары ар жылы Нооруз майрамынын алдында жолугушууну макулдашышты
Саясат
Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары ар жылы Нооруз майрамынын алдында жолугушууну макулдашышты

Борбор Азия чөлкөмүнө кирген мамлекеттер өз ара кызматташтыкты арттырып, элдер ортосундагы ынтымак, достукту чыңдайт. Мындай чечим күн мурун Казакстандын Астана шаарында өткөн өлкө жетекчилеринин кеңешүүчү жыйынында кабыл алынды. 

Кеңешмеде аймактык коопсуздук, соода, экономикадан тартып маданий кызматташтыкка чейинки маселелер ортого салынды.Борбор азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстандын президенттери жана Түркмөнстандын парламент спикери катышты. Нурсултан Назарбаев кеңешме жыйын коңшулаш элдердин ынтымагын чыңдоого чоң түрткү болорун белгилеп, мындан сырткары кызматташтыктын бир нече багыттары боюнча кызуу талкуу болгонун билдирди. 

Борбор азия мамлекеттеринин башчылары бул өңдүү жыйынга дээрлик 20 жылдан бери чогула элек болчу. Башында чөлкөмдүн лидерлери Советтер Союзу таркагандан кийинки кызматташтыкты талкуулашса, акыркы жыйын Арал деңизинин келечегине арналган. Андан кийин президенттер Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, Шанхай кызматташтык уюму же Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында гана кездешип келишкен.

Адистер белгилегендей, азыркы күндө Борбор Азия мамлекеттери аймакта туруктуу өнүгүп жаткан, көп улуттар ынтымакта жашап, салыштырмалуу таза жана туруктуу экологияга ээ болгон жана маданий көп түрдүүлүгү жактан өнүккөн аймак катары башкаларга үлгү боло алат.

Кеңешүүчү жолугушуунун жыйынтыгы менен өлкө башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда негизги максат - өз ара аракеттенүү аркылуу туруктуу өнүгүүгө жана ийгиликке жетишүү. Борбор Азия мамлекеттеринин бул өндүү жолугушуулары бир жылда бир жолу, жалпы аймактык майрамдардын же эл аралык иш-чаралардын алдында өтүп турмакчы. Кийинки жыйын 2019-жылы Өзбекстандын борбор калаасы Ташкентте өтөрү белгилүү болду.