Жаңылыктар
Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы дагы жанданаарына ишеним артылууда
Экономика
 Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы дагы жанданаарына ишеним артылууда

Кыргызстан менен Түркиянын ишкерлери быйыл туризм жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты жандантат. Бул эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан форумда белгилүү болду.

Ал арада Cоода - өнөр жай палатасы жергиликтүү ишкерлерге жаңы бажы кодексинин шарттарын түшүндүрдү. 

Эки өлкөнүн ишкерлери Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы дагы жанданаарына ишеним артууда. Алаканын бекемделиши Бизнес чөйрөсүнө да оң таасирин тийгизет. Быйыл өзгөчө артыкчылык бериле турган тармактар катары туризм менен айыл-чарбасы аталууда.

Кыргызстан жалпы түрк дүйнөсүнүн маанилүү бөлүгү. Маданиятка, тарых, каада-салтка кайрылып, аны даңазалоо туризмге пайда алып келет.