Бишкек шаарындагы жаңы бүткөн кабаттуу үйдүн айрым жашоочулары турак-жайдын сапатына нааразы болушууда. Алар жаңы үйгө киргенине 3 жыл болбой жатып, дубалдарынан жарака кетип жатканын айтышат.
Гранд ситинин короосундагы 3 үйдүн курулушу 2014-жылы аяктаган. 2015-жылы алгачкы жашоочулар жашап башташкан. 3 жыл өткөнүнө карабай, жашоочулардын бардыгы тиешелүү мамлекеттик органдан үйгө ээлик кылуучу документти алыша элек.
Архитектура жана курулуш агенттиги берген уруксат боюнча мында 10 үйдүн турган турак жай комплекси болуп, дагы 7 үй курулат. Мамлекеттик экотехинспекция курулушу аяктаган 3 үйдү кабыл алган. Мында курулуш нормалардын баары сакталган дейт адистер.
Нааразы болгон жашоочулар болсо курулуштун сапатына байланыштуу Жогорку Кеңешке, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылышкан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.