Жаңылыктар
Аксы окуясынын курмандыктары Жалал-Абадда эскерилди
Саясат
Аксы окуясынын курмандыктары Жалал-Абадда эскерилди

Аксы окуясы менен курмандыктары Жалал-Абадда эскерилди. Облустун Боспиек айылындагы "Шейит мазарда" өткөн эскерүү иш-чарасына Президенттик Аппараттын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев жана өкмөт башчысы Сапар Исаков катышты. 

Анда каза болгондордун эстелигине гүл коюлуп, куран түшүрүлдү. Өз сөзүндө Президенттин Аппарат Жетекчиси өлкөдөгү демократияга Аксы элинин кошкон салымы чоң экенин айтты. 

Эске салсак, мындан 16 жыл мурда, ошол убактагы бийликтин туура эмес кадамдарына каршы, район борборуна тынчтык митингин өткөрүү үчүн бара жаткан элди токтотууга ок чыгарылган. Кыргызстандын тарыхында "Аксы окуясы" деген ат менен белгилүү болгон окуя, талаптарын коюп чыккандардын мүчөлөрүнүн өлүмү менен аяктаган.


“Ошол күнү мамлекеттин келечеги деп күрөшкө чыгып, курман болгон эр азаматтарды эскерип отурабыз. Биз эскерип жаткан балдар сырткы душмандын колунан эмес, бийликтин колунан каза болушту. Өзүбүздүн бийлик өз элине каршы чыкканы баарыбызды катуу өкүндүрөт. Каза болгондордун жакындары, бир туугандары аман-эсен болгула.Көп жашагыла.”-деп билдирди Сапар Исаков.