Жаңылыктар
Бишкекте II Улуттук симпозиум өттү
Билим
Бишкекте II Улуттук симпозиум өттү

Симпозиум "ЖашСтан" деп аталган долбоордун алкагында уюштурулуп, анын негиздөөчүлөрү бир жыл бою жаштар менен иш алып барышкан. Жыйынтыгында, "ЖашСтандын" катышуучулары 24 кичи долбоорду ишке ашырууга үлгүрүштү. 

Бул жерге жаштар өз айылындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн келишкен. Ар бири түрдүү долбоорлорду сунушташууда. Айтымдарында, алардын жазган долбоорлору колдоо таап, ишке ашып калса, айылда жумушсуздук жоюлуп, билим алууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Баары элет турмушун жеңилдетип, тургундарга жумуш орундарын түзүп, алардын билим алуусуна шарт түзүп берүү багытында. Катышуучулар калыстарга өз долбоорунун артыкчылыктары тууралуу баяндап, тааныштырып жатышат. Эгер долбоор чынында эле элет турмушун жакшырта турган болсо, анда аны ишке ашырууга миң доллардын тегерегиндеги каражат бөлүнүп берилет.

Катышуучулар 2017-жылдын башынан бери насаатчылар менен иш алып барышып, 24 кичи долбоорду ишке ашырууга үлгүрүшкөн. Кимдир бирөө тигүү жана эмерек жасоочу цехин ишке киргизсе, айрымдары өз айылынын расмий сайтын жасашкан.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара көздөгөн максатына жетүүдө. Анткени, катышуучулар өз айылдарындагы көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүгө аракеттенишип, коомго пайдалуу иш жасап, жаркын келечекке умтулган жаштардын катарын толуктоодо.