Жаңылыктар
Путин 73% добуш менен алдыда
Дүйнө
Путин 73% добуш менен алдыда

Орусияда президенттик шайлоо өттү. Бул жолу президенттикке сегиз адам талапкерлигин койгон. Талапкерлер арасында төртүнчү президенттик мөөнөткө бараткан Владимир Путин, Ксения Собчак, Павел Грудинин, Владимир Жириновский, Борис Титов, Сергей Бабурин жана Максим Сурайкин бар.

Шайлоо башталгандан тарта эле Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү быйыл 2012-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу шайлоочулар жигердүү экенин айтып жатышты.

Кыргызстанда да Россиянын жарандары үчүн алты шайлоо участогу ачылды. Бишкек убактысы менен эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин келип добуштарын беришти. Шайлоо участокторуБишкектеги Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында, Ошто Орусиянынбашкы консулдугунда, Кантта, Кара-Балтада, Караколдо, Чолпон-Атада ачылган.

Элчиликтен маалымдашкандай Бишкектеги шайлоо участкасында 6944 киши добуш берген. Оштогу №8162 шайлоо участкасында 2470 киши добушун бергенин Россиянын Оштогу башкы консулу, шайлоо участкасынын төрагасы Роман Свистин билдирди. 

Бүткүл россиялык коомдук пикирди үйрөнүү борборунун маалыматына ылайык, Путинге жарандардын 73,9 пайызы, Грудининге 11,2 пайыз, Жириновскийге 6,7 пайыз добуш беришкен.