Жаңылыктар
Чүй районунда өткөн волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланышты
Спорт
Чүй районунда өткөн волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланышты

Чүй районунда спортчу Болотбек Абыкай уулунун жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Оюндун жыйынтыгында 11 команданын ичинен Чүй айыл өкмөтүнүн тайпасы 1-орунду камсыздады. 

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү» программасынын алкагында жаштарды дени сак жашоого үндөө максатында Болотбек Абыкай уулунун бир туугандары мелдеш уюштурушту. Ага жалпы 11 команда катышып, 1-орунду Чүй айылы, 2-орунду Он Бир-Жылга айыл өкмөтү, 3-орунду Бурана айылынын командалары жеӊип алышты. Жеӊүүчүлөргө акчалай сыйлык жана ардак баракчалар тапшырылды.