Жаңылыктар
"Кыз-жигит Сармерден" көрсөтүүсүнүн үчүнчү мезгили башталды
Маданият
"Кыз-жигит Сармерден" көрсөтүүсүнүн үчүнчү мезгили башталды

"Кыз-жигит Сармерден" көрсөтүүсүнүн үчүнчү мезгили башталды. Анын алгачкы чыгарылышы Нооруз майрамына карата 21-март күнү КТРКнын эфиринен берилет. Бул "Сармердендин" 51-айлампасы. 

Жаңы сезондун шайыр жеңеси болуп ырчы Анара Шайымкулова дайындалган. Долбоордун автору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сагын Ниязалиеванын айтымында, шайыр жеңе атайын түзүлгөн калыстар тобу жана элдин тандоосу менен тандалып алынган. 

Долбоордун бул чыгарылышында буга чейин элге таанымал болгон кесипкөй ырчы-чоорчулар катышат. Эскерте кетсек, "Кыз-жигит Сармерден" долбоорунун башталганына алты жылдын жүзү болду.