Жаңылыктар
Акыркы суткада өлкө аймагында 17 өрт чыкты
Кырсык
Акыркы суткада өлкө аймагында 17 өрт чыкты

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 20 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы. 

Бишкектин Биринчи май районундагы Кара-Балта көчөсүндө жайгашкан үйдө өрт чыкты. 200 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган фин тибиндеги үй толугу менен күйүп кеткен. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле, электр жабдууларды куроодо эреженин бузулушунан Ош шаарындагы «Ош-Кардио» клиникасынын 0,5 чарчы метр чатыры күйгөн. Адамдар жаракат алган жок.