Жаңылыктар
Алайда Нооруз майрамы башталды
Маданият
Алайда Нооруз майрамы башталды

Алай районундагы Алтын Молдокулова жетектеген Курманжан датка тарыхый этнографиялык музейинде Нооруз майрамы сүмөлөк кайнатуу менен башталды. Аталган музейдин жамааты жана райондогу аялдар кеңеши тарабынан башталган сүмөлөк кайнатуу аземине Алай районунун акими Илияз Ташкулов, анын орун басары Бактыбек Осмонов, аппарат жетекчи Нурбек Аданбай уулу жана райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын алкагында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Курманжан датка цехинен даярдалып чыгарылган этно буюмдар жана улуттук кийим-кечелердин көргөзмөсү өттү. Ошондой эле музейдин алдында ачылган дүкөндө тоолуу аймакка келген туристтерге, конокторго даяр болгон улуттук кийимдер, сувенирлер сатыкка чыгарылды.

Сүмөлөк кайнатуу салтанаты «Алай ханышасы» тобунун концерттик программасы менен коштолуп, музейдин директору Алтын Молдокулова, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Жумагүл Садыкова куттуктоо сөздөрдү, жакшы каалоо-тилектерди айтышты.