Жаңылыктар
Бүгүн белгилүү сахна чебери Сабира Күмүшалиеванын туулган күнү
Маданият
Бүгүн белгилүү сахна чебери Сабира Күмүшалиеванын туулган күнү

Бүгүн белгилүү сахна чебери, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, киноактриса Сабира Күмүшалиеванын туулган күнү. "Кыргыз театрынын Умай энеси" атка конгон актриса 1917-жылы 19-мартта азыркы Бишкек шаарындагы Төкөлдөш айылында туулган. 

Үй-бүлөдөгү жалгыз кыз мектепти аяктагандан соң, педагогикалык институттун даярдоо курсунда билим алып, мектепте мугалим болуп иштеген. 

Кыргыз мамлекеттик академиялык театрына 16 жашында келип, Касымаалы Жантөшевдин "Карачач" драмасындагы Карачачтын ролун аткарган. Күмүшалиева өмүрүнүн 73 жылын театрга жана киного арнаган. Бул мезгил аралыгында 100дөн ашык түрдүү образдарды жараткан. 

Алардын арасында кайгылуу, күлкүлүү оң жана терс образдар да бар. Узак убакыт бою Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" чыгармасында Оңолкандын ролун ойногон. Андан сырткары, "Уркуя", " Ак кеме", "Бакайдын жайыты", "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" жана "Кызыл алма" өңдүү көптөгөн фильмдерде тартылган. 

СССРдин Эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Эл артисти наамын алган Сабира Күмүшалиева 2007-жылы 15-сентябрда 91 жаш курагында дүйнө салган.