Жаңылыктар
20-мартта баш калаанын айрым райондорунда суу өчүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
20-мартта баш калаанын айрым райондорунда суу өчүрүлөт

20-мартта Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкек суу канал” ишканасынан билдиришти. 

Таза суу эртең мененки ондон түшкү саат үчкө чейин Шабдан Баатыр, Горький, Достоевский көчөлөрүндө жана темир жолдун линияларында өчүрүлөт. Мэриядан ичүүчү сууну убактылуу чектеп берүү аргасы зарыл болгон ремонттук иштерге байланыштуу болуп жаткандыгын айтышты.