Жаңылыктар
Сапар Исаков Ош шаарындагы "Таза Жашоо" акциясына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Сапар Исаков  Ош шаарындагы "Таза Жашоо" акциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков "Таза Жашоо" улуттук кампаниясынын алкагында Ош шаардык Токтогул атындагы парктын аймагында өткөн ишембиликке катышты. Ишембилик алкагында шаар мэри Айтмамат Кадырбаев таза жашоо улуттук кампания алкагында Ош шаарындагы 9 скверди реконструкциялоо жана шаардын ар-кыл райондорунун аймагын ирээтке келтирүү жүргүзүлгөндүгүн билдирди. 

Өкмөт башчы "Таза Жашоо" акциясын өлкөнүн ондон ашуун коомдук, жаштар уюмдары, бизнес-ассоциациялары, мамлекеттик органдары колдоого алгандыгын билдирди. Ишембиликтин жүрүшүндө Өкмөт башчы жана акциянын башка катышуучулары көчөт отургузуп, Токтогул атындагы парктын аймагын ирээтке келтиришти.

Премьер-министр ошондой эле Ак-Буура дайрасынын боюндагы көргөзмө аянтынын курулушу менен таанышты, объекттин курулушу жакын арада бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"