Жаңылыктар
Нарын: канаттуулар чарбасынын жаңы ыкмасы
Айыл чарба
Нарын: канаттуулар чарбасынын жаңы ыкмасы

Чет жерден ташылып келген канаттууларды жакшы бакса, суук шартка карабай жакшы чоңойуп, пайда берет. Кочкор районундагы жергиликтүү фермерлердин бири чарба жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларын өздөштүрүү менен кирешесин көбөйтүп келет.

Бир эле төө куш менен чектелип калгысы келбеген Таалай Жээнбеков учурда Европадан эт багытындагы бакма канаттууларды алдыруунун камында. 

Өткөн жылы ал тажрыйба ирээтинде баккан француз күрптөрү Кочкордун климатына тез эле ыңгайлашып, жада калса, салмак да кошкон. Андыктан, каарманыбыз өзүнүн бул тобокелдигинин ийгилигинен күмөн санабайт. Кененирээк Бөлөкбай Шеримбековдун материалында: