Жаңылыктар
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Т. Исакуновага парламентте кескин сындар айтылды
Саясат
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Т. Исакуновага парламентте кескин сындар айтылды

Өкмөт жөлөк пул боюнча эски мыйзамды жаңы деп өзгөртүп, чийки бойдон сунуштап жатат. Бул тууралуу Парламентте айтылып, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакуновага кескин сындар айтылды. 

Депутаттар мурда коррупцияга жол ачкан деген министр эми 2009-жылкы мыйзамга “сүйүнчү пул” бөлүгүн кошулуп, начарлатып алып келгенин, мыйзам чийки экендигин айтууда. 3 айга жакын аралыктан бери Парламент комитетте карап, пленардык жыйында карап “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл албай келет. Бир ирээт талашып-тартышуулар менен күн тартибинин да алынып салынган. Деги эле маселе мыйзамдын бышпай жаткандыгындабы же, министрдин ишти жөндөп кете албай жаткандыгындабы? Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"