Жаңылыктар
"Манас" аэропортунда жабдуулар жаңыланат
Кыргызстан жаңылыктары
"Манас" аэропортунда жабдуулар жаңыланат

“Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу” долбоору боюнча Гранттык макулдашуу ратификацияланды. Буга тиешелүү мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Долбоордун ишке ашуусу артыкчылык милдеттерди чечүүгө өбөлгө түзүп, биринчи кезекте учуулардын коопсуздугун арттырат.

Ошондой эле “Манас” эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөр менен авиакомпанияларды тейлөө үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 10-мартында кабыл алынган. Ал расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.