Жаңылыктар
18-мартта Орусияда президенттик шайлоо өттү
Дүйнө
18-мартта Орусияда президенттик шайлоо өттү

Россия Федерациясынын Конституциясына ылайык мамлекет башчы алты жылдык мөөнөткө шайланат. Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала чыгарган жыйынтыктары боюнча Орусиянын учурдагы президенти Владимир Путин алдыда ат чабым алыстыкта баратат. Россиянын жаңы президентин шайлоо үчүн Кыргызстанда 6 шайлоо участкасы ачылды. Добуш берүү тилкелери Бишкек, Ош, Кант, Кара-Балта Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында уюштурулган. Өзгөчө борбордо жана Ошто жашагандар активдүүлүгүн көрсөттү. 

Орусиянын жарандары узун кезекке туруп, уюшкандыкта добуш беришти. Өлкөдөгү 20 миң жарандын 13 миң 500ү Конституциядагы укугун пайдаланып, жарандык милдетин аткарды. Орусияда өткөн президенттик шайлоого дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекетинен бир жарым миңден ашык эл аралык байкоочулар көз салды. Кыргызстандан президенттик шайлоонун жүрүшүнө 56 байкоочу катышты. 

Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыктары боюнча 77 пайызга жакын добуш менен Владимир Путин, жети атаандашын артта калтырып, алдыга чыкты. Ошондо 65 жаштагы Владимир Путинди 54 миллиондон ашык жаран колдогон. Бул азырынча шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары гана. Россиянын президентин шайлоонун расмий жыйынтыгы жакынкы күндөрү так айтылат.