Жаңылыктар
С.Исаков Араван районунда жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты
Айыл чарба
С.Исаков Араван районунда жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты

Премьер-министр Сапар Исаков, "Ош" эл аралык аэропортундагы жаңы тейлөө залынын кызыл тасмасын кесип, "Таза жашоо" улуттук кампаниясынын алкагында Оштогу Токтогул паркынын реконструкциялоо ишинен кабар алды. Ошондой эле, өкмөт башчы жазгы талаа өнөктүгү менен жакындан кабар алып.“ Ош” эл аралык аэропортунда учуп келген жүргүнчүлөрдү тейлөөчү жаңы зал курулду. Мында жарандарга кызмат көрсөтүүнүн жаңы ыкмасы ишкек ирди. “Электрондук дарбаза”аталышындагы аппараттык-программалык комплекси биометрикалык паспорту бар жүргүнчүлөр үчүн каралган. 

Тейлөө залынын ачылыш салтанатына Премьер-министр Сапар Исаков катышты. Кыргызстандын – Борбор Азиядагы ири аймактык авиахаб болуу мүмкүнчүлүгү бардыгын айткан өкмөт башчы, мындай инфраструктуралык объектилердин курулушу - өлкөнүн өнүгүүсүнүн көрсөткүчү экенин белгиледи. Премьер-министр тейлөө залынын кызыл тасмасын кесип, андагы жүргүнчүлөр үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Жаңы залдын бир эле учурда 2-3 авиакаттамдын жүргүнчүлөрүн кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар. Жалпы өндүрүштүк аянты 2000 чарчы метрди түзгөн бул жайда саатына 600дөн ашуун жаран каттоодон өтө алат. 

Сапар Исаков, «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында уюшулган Оштогу ишембиликке да катышты. Анда, өкмөт башчы Токтогул паркын реконструкциялоонун эскиздик долбоору менен таанышты. Жаңылоо иши - парктын негизделишинин 100 жылдыгына карата жүргүзүлүүдө. 9 гектар жер аянтын камтыган эс алуу жайына жаңы балдар аянтчасын, маданий-көңүл ачуу объектилерин, фонтан комплекстерин куруу жана жаңы бак-дарактарды отургузуу мерчемделген. Реконструкциялоого жалпы 100 млн.сом каражат керектелери айтылса, мунун учурда 20 млну гана табылган. 

Ошко болгон иш-сапарынын алкагында өкмөт башчы, Аравандагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жазгы-талаа иштерин өз учурунда жүргүзүп алуу маанилүү экендигин белгилеген өкмөт, буга чейин профилдик мамлекеттик орган жетекчилеринин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда селектордук кеңешме өткөргөн. Анда, бул өнөктүктү татыктуу жүргүзүү боюнча тийиштүү кызматтарга бир катар тапшырмалар берилген. Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы эки тараптуу мамилелердин бекемделип жатканын белгилеген премьер-министр, бул аракеттер - республиканын чектеш райондорун өнүктүрүүдө маанилүү өбөлгө болоорун билдирди. 

Өкмөт башчы Араван районундагы цемент заводунун курулушунун жүрүшү менен да таанышты. Сапар Исков, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик ушул сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда тийиштүү колдоо көрсөтүп турушу керектигин белгиледи. Аталган заводдун ишке кириши менен республикалык бюджетке жылына 468 млн. сом түшүп, 500дөй жумушчу орун ачылары күтүлүүдө.