Жаңылыктар
Ростов-на Донуда учак кырсыкка учурады
Кырсык
Ростов-на Донуда учак кырсыкка учурады

Ростов-на- Дону шаарында конууга даярданып жаткан жеринен Флай Дубай авиакомпаниясынын учагы кулаган. Учактын кырсыкка кабылышна аба ырайы себеп болгон. 

Орусиянын ӨКМкасынын маалыматы боюнча, ал конуп жатып канаты менен конуучу тилкеге тийип, күйүп кеткен. Маалыматка караганда учактын үн жаздыруучу тетигинин бирөөсү табылып, экинчиси изделүүдө. 

Боинг 737-800 самолетунун бортунда 62 жүргүнчү болгон. Алардын баары көз жумган. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык бортто кыргызстандык Жылдыз Насирдинова  аттуу мекендешибиз болгон. Орусиянын тергөө комитети учактын кыйрашы боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүп жатат.