Жаңылыктар
Бишкекти иретке келтирүү аракети
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекти иретке келтирүү аракети

Бишкек шаарынын толук иштелип чыккан башкы планын кабыл алууга бир айга жетпеген убакыт калды. Ушул күндөрү ордо калааны иретке келтирчү документ коомдук угуудан өтүп жатат. Бишкектин келечектеги келбетин түшүргөн долбоордо метро каттамынын ачылышы да камтылган. Бишкектин так иштелип чыккан планы азыр кызуу талкууланып жаткан учуру. Электен өткөн документ 9-апрелде Бишкек шаардык кеңешине сунушталып, сессияда бекитилет. 2006-жылы шаардын башкы планы кабыл алынып, анын негизинде кечеңдеп отуруп 2014-жылы баш калаанын борбордук бөлүгүн иретке келтирүү колго алынган.

Бишкектин борбордук аймактарын камтыган бул долбоор калктын саны көбөйөрүн эске алып жазылган. Ал эми жашыл зонанын аянтын көбөйтүү үчүн чакан жерди ээлей турган бир нече кабат унаа токтоочу жай куруп, атүгүл үстүн эс алуучу жайга айландыруу жагы да каралган. Архитекторлор шаардагы тыгын маселесин чечүү максатында каттамды жеңилдетүү жолдорун дагы чийип чыккан. Бул азырынча жөн гана кыял. Бирок белгилеген жерге курулушка чектөө киргизилип турат. Эгер шаар өсүп муктаждык жаралса болочокто трамвай, жер үстүнөн жүрүүчү метро линиялары курулушу ыктымал. Ушул күнгө чейин Бишкектин эки районунда коомдук угуу болду, эми калган бөлүгү талкуулайт. 

Адистер сунуш-пикирлер болсо сөзсүз эске алынат деп билдирди. Ал ортодо Жогорку Кеңештин айрым депутаттары деталдуу планда кемчиликтер бар экенин айтып, долбоор чийки деп чыгышты. Жарандык активисттер болсо Бишкектин борбору жалаң соода, көңүл ачуучу жайлар менен көп кабаттуу үйлөргө толду деп нааразы. Создугуп отуруп эми кабыл алынчу документтин бекишине аз убакыт калды. Жарым ай аралыгында шаар тургундары кошумча айткысы келсе сунуштарын билдирсе да болот.