Жаңылыктар
9-февралда Бишкек шаарында үрөй учурган жол кырсыгы
Кыргызстан жаңылыктары
9-февралда Бишкек шаарында үрөй учурган жол кырсыгы

Анда Элебесов көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайдан ак түстөгү кичи автобус ымыркайын көтөргөн энени сүзүп кетип, апасы ошол жерден көз жумуп, аман калган 1 жаш 8 айлык наристе оң бутунан ажыраган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кичи автобустун айдоочусу 2 айга камакка алынган. Жумайым азыр 1 жаш тогуз айга толду. Аны эки бөлмөлүү тар үйдө чоң энеси менен атасы карайт. 

Күлүп, оюнчуктары менен ойноп калганына аз эле болду. Бир ай мурда эле алты саны аман наристе күлүп, ойноп, басып жүрчү. Каргашалуу 9-февралда апасы 34 жаштагы Жазгүл Өмүрбекова ал күнү 1 жаш 8 айлык кызы Жумайымды көтөрүп алып жолдун аркы өйүзүнө өтөм деп турганда аны ак түстөгү кичи автобустун айдоочусу капысынан келип сүзгөн. Үрөй учурган окуя видеокөзөмөлгө түшүп калган. Ымыркай аман калганы менен энеси ошол жерден мүрт кеткен. 

Эки жашка чыга элек Жумайым ошол окуяда катуу жаракат алгандыктан дарыгерлер анын бир бутун кесип салууга аргасыз болушкан. Үй-бүлө Бишкекте батирде турушат. Үйдүн кожоюну кырсык болгонго чейин тигүү цехинде иштечү. Азыр кызын карап үйдө. Айыпсыз наристенин кесилген бутуна протез койдурууга каражаты жок. Дарыгерлердин айтуусунда, кызга 4-5 жашка чыкканда гана протез коюлат. Ага Жумайымдын тагдырына кайдыгер эмес жарандар ЭЛСОМ мобилдик капчыгы аркылуу 0771817615 номерине которушса болот.