Жаңылыктар
Базар-Коргондо «Деу Матиз» үлгүсүндөгү унаа чабанды жана 14 койду сүзүп кетти
Кырсык
Базар-Коргондо «Деу Матиз» үлгүсүндөгү унаа чабанды жана 14 койду сүзүп кетти

Базар-Коргон районундагы Сейдикум айылында 200гө чукул кой айдап бара жаткан чабанды «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаа сүзүп өлтүрдү. Оор жаракат алган чабан ооруканага жетпей көз жумуп, 14 баш кой жана минип бара жаткан аты окуя болгон жерде өлгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад Облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Окуя болгон учурда айдоочу соо экени аныкталды. Бул фактынын негизинде азырынча кылмыш иши козголо элек, учурда айдоочу жаракат алып ооруканада жатат. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио" 


                                                                          Видео: AKUpress