Жаңылыктар
21-мартта Кыргыз радиосунда “Поэзия күнү” белгиленет
Маданият
21-мартта Кыргыз радиосунда “Поэзия күнү”  белгиленет

21-март КТРКнын "Кыргыз радиосунда" Нооруз майрамы менен биргеликте залкар акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата жана бүткүл дүйнөлүк поэзия күнүнө карата эртеден кечке чейин чейин түз ободо чыгуучу "Поэзия күнү" белгиленет.

Радио угармандарынын жана поэзия сүйүүчүлөрүнүн эсинде болсо, былтыр да аталган күнү Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгынын урматына 12 саат түз эфир  уюштурулган. 

Бүткүл дүйнөлүк поэзия күнү 1999-жылы Париж шаарында ЮНЕСКО Башкы ассамблеясынын 30-жыйынында кабыл алынган. Бул датаны тоголок дүйнөнүн түндүк жарымынын баардыгы жаздын алгачкы жанданып башталуу символу катарында жана жаңылануунун, адам рухунун жаратман мүнөзүнүн ойгонушу менен ыроолоп белгилеген. 

ЮНЕСКОнун   чечимине ылайык бул эне тилге болгон дагы өзүнчө белек. Анткени ушул күнү дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бардык тилдерде поэзиянын канаттуу сөздөрү менен ырлар окулат. Ушул күнү оозеки чыгармаларга көңүл бурулуп, поэзиянын орду жана өнүгүшү, башка санат бутактыры менен болгон байланышы чыңдалат. 

Ошондон бери поэзия дайрасы толкуп келатат.  Алгачкы ирет бүткүл дүйнөлүк поэзия күнү 2000-жылы Париж шаарында ЮНЕСКОнын башкы кенсесинде өткөн. Бул күнү бардык өлкөлөрдө фестивалдар жана ыр майрамдары, поэзия кечелери өткөрүлөт.

Кыргыз  радиосу  дагы  ушул  күндү  А.Осмоновдун  туулган  күнүнүн  урматына  жана  Бүткүл  дүйнөлүк  поэзия  күнүнө карата  түз  эфирде, ачык  эшикте, поэзия  күнүн  жыл  сайын  өткөрүүнү  салтка  айлантууну  көздөөдө. 

Белгилене турган "Поэзия күнүнө" ыр  деп  ойгонуп, ырым  деп  жашаган  акындардан  тартып, ыр  окуса, ыр  укса  көңүлү  гүлдөп, жанары  жанган  поэзия  сүйүүчүлөрүн   12.00-21.00го  чейин  келип  эфир  толкунунда  ыр  окууга  чакырабыз.

.