Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков КР Баатыры Таштанбек Акматов менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Сооронбай Жээнбеков КР Баатыры Таштанбек Акматов менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры, андан кийинки эгемен Кыргыз Республикасынын Баатыры болгон Таштанбек Акматов менен жолугушту. Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө зор салым кошкон, талыкпас эмгектин эң мыкты үлгүсү болгон мамлекеттик жана коомдук ишмер Таштанбек Акматов быйыл 80 жашка толду. Мааракелик датаны утурлай орун алган жолугушуу жылуу маанайда өтүп, Кыргызстандын өнүгүү этаптары, азыркы күндөгү өзгөрүүлөр тууралуу пикир алышуу орун алды. 


Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Таштанбек Акматов 15-мартта 80 жашка чыкты. Өлкө башчы ардагер менен анын 80 жылдык мааракесин утурлай жолугушуп отурат. Сооронбай Жээнбеков менен Таштанбек Акматов жылуу учурашып, өлкө башчысы аксакалдын ал ахыбалын сурады.


Сооронбай Жээнбеков бир канча жыл мурун колхоздун жаш зоотехниги катары Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин төрагасы Таштанбек Акматовго кезиккенин эстеп отурду. Анын айтымында, Социалисттик Эмгектин Баатырынын ошол кездеги ар бир сөзүн азыркы күнгө чейин эсине түйүп, кеңештерин өз жумушунда колдонгонун белгиледи.

Таштанбек Акматов өз кезегинде СССРдин министрлер советинин төрагасы Алексей Косыгиндин Кыргызстанга жасаган сапары учурундагы окуяны айтып берди.  “Сиз көп жылдык жана талыкпас эмгегиңиз менен мекендештериңиздин арасында урматтоонун жогорку даражасына жетиштиңиз” деди президент Сооронбай Жээнбеков Таштанбек Акматовдун кыргыз элине жасаган эмгегин баалап. Жалпы кыргыз эли да Таштанбек Акматовду кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө зор салым кошкон, талыкпас эмгектин эң мыкты үлгүсү болгон мамлекеттик жана коомдук ишмер катары билишет.

Социалисттик Эмгектин Баатыры Президентти көңүл буруп, жылуу кабыл алуусуна ыраазычылыгын билдирди. Баарлашууда өлкөнүн өнүгүү жолдору тууралуу пикир алышып, Таштанбек Акматов мамлекеттин мындан ары бекемделишине эң башкысы элдин биримдиги жана ынтымагы экенин баса белгиледи.