Жаңылыктар
Мигрант мекендештерибиздин өлкө экономикасына кошкон салымы
Кыргызстан жаңылыктары
Мигрант мекендештерибиздин өлкө экономикасына кошкон салымы

Чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин жүрөгү Кыргызстан деп согот. Алар алыста жүрүп эл-жеринде болуп жаткан саясий болобу же башка орчундуу иштергеби активдүү катышып келет. Ошол эле маалда иштеп, тапкан-ташыганын ата-эне, жакындарына жөнөтүп муктаждыгын чечет. Атүгүл ишинен баар таап, бутуна турган мекендештерибиз мекенине кайтып келип өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жардамы тийүүдө. 


Маратбек Аманбаев 12 жыл Россияда соода-сатык тармагында иштеп келген мигранттын бири. Ал үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келгенине 2 жылга аяк басты. Бутуна турган жаш ишкер Бишкекке 400 миң доллар жумшап, Бишкекте биринчи болуп унаасын айдоочу өзү арзан жууй турган жай ачкан. Маратбек өлкөдөгү өзгөрүүлөргө четте калбай аймактарды өнүктүрүүгө да салым кошуп келет. Ал жыл сайын Алайдагы айылындагы чакан мектепке демөөрчүлүк кылат. 



Азыркы күндө унаа жуучу жай күн-түн дебей иштеп айдоочуларга кызмат көрсөтүүдө. Бул жерде 10 чакты адам жумуш орун менен камсыз болгон. Муну менен ишкер аз да болсо мамлекетке пайда алып келди десек жарашат. Анткени казынага салык жана социалдык төлөмдөр төгүлөт.