Жаңылыктар
КТРК Нооруз майрамын белгиледи
Маданият
КТРК Нооруз майрамын белгиледи

КТРКда Нооруз майрамы өзгөчө салтанат менен белгиленди. Корпорациянын кызматкерлери келген меймандарга ар түрдүү оюн-зоокторду тартуулады. Улуттук тамак-аштардын түрү жасалып, ата-бабалардан калган нарк-насил менен муундан-муунга өтүп келе жаткан кийимдердин түрү көрсөтүлдү. Деги эле Нооруздун көркүн ачкан бардык жөрөлгөлөр жасалды.

КТРК Нооруз майрамына ар жыл сайын өзгөчө маани берет. Бул жолку салтанат өлкөнүн башкы каналынын 60 жылдык мааракесин утурлап уюштурулду. Нооруз улуттук тамак-аштан даам сызып, той-тамашаларды көрүп гана тарап кете турган майрам эмес. 


Анын каада салтты, үрп-адаттарды тааныта турган да өзгөчөлүгү бар. “Келин алуу” жөрөлгөсү жөн гана театралдаштырылып же көргөзмө үчүн эмес, чыныгы жашоодо ишке ашырылды. КТРК кызматкери өмүрлүк жары менен майрамда баш кошту. Кол кармашып, турмуш жолуна аттанган жаштарга улуу муун алакан жайып, бата берди.

“Маданият. Тарых. Тил” каналы улуттук баалуулуктарды даңазалоо менен алек. Андыктан бул редакция үчүн майрамга даярдык көрүү чай кайнамдык дагы кыйынчылык жараткан жок. Тамак-аш, кийим-кечелер менен жасалгалардын көргөзмөсү жана спорттук күч сынашуу КТРКнын редакцияларынын ортосундагы салтка айланган мелдештер. Өнөрлүү кызматкерлерден КТРКнын уучу куру эмес. Оюн-зоок, шаан-шөкөт салтанатка катышкандардын маанайын көтөрдү.