Жаңылыктар
Шахмат боюнча балдар арасындагы президенттин кубогу өтүп жатат
Спорт
Шахмат боюнча балдар арасындагы президенттин кубогу өтүп жатат

Шахмат боюнча балдар арасындагы президенттин кубогу өтүп жатат. Мелдеште республикадагы мыкты деп тандалган 5 жаштан 14 жашка чейинки 400дөн ашык жаш шахматчылар күч сынашууда. Мелдеш швейцария системасы менен 7 турда өтүп жатат. РАС: Бүгүнкү күндө кыргызстандык шахматчылар эл аралык коомчулуктун сыйына татууда. Анткени өсүп келе жаткан шахматчылар ири эл аралык мелдештерде алдыңкы орундарды багынтууда. 


Балдар арасында шахмат боюнча Президенттин кубогу үчүн байке талаш. Спорттун олимпиадалык эмес түрү менен күч сынашып жатышкандар 5 жаштан 14 жашка чейин чейинкилер. Талап катуу. Белгиленген убакытта шахмат тактасынын үстүндө каршылаш тараптар мыктылыгын көрсөтүшү керек.

Мелдештин дагы бир жылдыздарынын бири Султай Чынгыз. Ал 4,5 жылда Азия мелдешинде күмүш байге уткан. Ал эми былтыр кичинекей шахматчы дүйнөлүк мелдеште коло медалды тагынган. Президенттин кубогуна экинчи ирет катышууда. 2016-жылы ал кубоктун жеңүүчүсү аталган.

6 жаштагы Анандамэй менен Айжандын кармашы да өзгөчө. бирде үстөлгө отуруп, бирде туруп шахматтагы жүрүштөрдү тездик менен жасап жаткан бул экөө тең шахмат боюнча өзү теңдүүлөр арасында лидерлер. Эки саатка созулган оюнда Айжан жеңди.