Жаңылыктар
Бүгүн кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилеп жатышат
Маданият
Бүгүн кыргызстандыктар  Нооруз майрамын белгилеп жатышат

Бүгүн кыргызстандыктар жаздын келишин жар салган Нооруз майрамын белгилеп жатышат. Аруулуктун, тазалыктын жана жаратылыштын жанданышын символу болгон бул майрамда кыргыздар салтка айланган сүмөлөк бышырып, эзелтен келе жаткан тамак аштарды жасап, "аластоо" сыяктуу жөрөлгөлөрдү өткөрүшөт.

Майрамга карата борбор калаада жана бардык облустарда улуттук оюндардын коштоосунда иш-чаралар өткөрүлүп, чоң концерттик программалар уюштурулат. 

Күн менен Түн теңелген Нооруз майрамында адамдар «жаңы күн, жаңы жыл келди» деп, жакшылыка үмүт кылып, эски таарынычтарын унутуп, бири-бирин сыйлап, колунан келген тамак-ашын жасап, дасторкон жайышат.