Жаңылыктар
Бүгүн Нооруз майрамына карата боорсок жасоо боюнча улуттук рекорд коюлат
Маданият
Бүгүн Нооруз майрамына карата боорсок жасоо боюнча улуттук рекорд коюлат

Бүгүн Нооруз майрамына карата "Кыргыз айылы" этнографиялык комплексинде боорсок жасоо боюнча улуттук рекорд коюлат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди. 

Саамалыкка 10 команда катышат. Ар бир тайпа 70 килограммдын тегерегинде боорсок бышырат. Бардыгы болуп 700 килограммдан ашык боорсок даярдалып, улуттук рекорд коюлары мерчемделүүдө. 

Жасалган боорсок келген конокторго жана муктаж болгондорго таратылат. Салтанат кыргыздын улуттук оюндары менен коштолот.