Жаңылыктар
Көк бөрү: Таластын "Ынтымак" командасы жеңүүчү болуп аталды
Спорт
Көк бөрү: Таластын "Ынтымак" командасы жеңүүчү болуп аталды

Көк бөрү боюнча республикалык мелдеште Таластын "Ынтымак" командасы жеңүүчү болуп аталды. Кыл чайнашкан финал 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында өтүп, анда Таластын "Ынтымагы" Оштун "Достугун" 2:1 эсебинде жеңди. Ал эми "Биримдик Аю" тайпасы "Арашан" командасын 6:1 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду. 

Мындан сырткары, Нооруз майрамына арналып ат чабыш жана эр эңиш боюнча улуттук оюндар уюштурулууда. Жалал-Абадда дагы улуттук мелдештер аймактык деңгээлде өтүп жатат. Турнир Нооруз майрамынын жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган. 15-мартта башталган таймаштарга өлкөнүн жети дубанынан жана Бишкек, Ош шаарларынан болуп, жалпысынан 16 команда ат салышты.