Жаңылыктар
С.Исаков: "Коррупциялык көрүнүштөр мамлекетке чоң зыян келтирүүдө жана ал толугу менен жоюулушу зарыл"
Чек ара
С.Исаков: "Коррупциялык көрүнүштөр мамлекетке чоң зыян келтирүүдө жана ал толугу менен жоюулушу зарыл"

Чек ара өткөрүү пункттарындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана жоюу боюнча иштерди күчтөндүрүү керек. Мындай тапшырманы Өкмөт башчы Сапар Исаков мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилигине берди. 

Аталган кызматтын учурдагы  ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкуулаган жумушчу жыйында, ата мекендик чек ара тутумун өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүлө берээрин өкмөт башчы белгиледи.  Ал арада жергиликтүү серепчилер  мурдагыга салыштырмалуу Мамлекеттик чек ара кызматынын абалы кыйла жакшырганын белгилешүүдө. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Мээрим Абдраманова "Биринчи радио"