Жаңылыктар
Тарыхта биринчи жолу Кыргыз курамасы Азия кубогунун финалдык баскычына өттү
Спорт
Тарыхта биринчи жолу Кыргыз курамасы Азия кубогунун финалдык баскычына өттү

22-мартта футбол боюнча Кыргызcтан курама командасы Азия кубогунун тандап алуу оюндарында Мьянма менен кез келип, 5:1 ири эсебинде утуп алды. Голдорду Шамшиев (1), Землянухин (2), Бекжанов (1) жана Люкс (1) киргизди.

Бул беттештин жыйынтыгы менен Кыргызстан курамасы "А" тайпасында 10 упай топтоп, 2-орунга жазылды. Ал эми Мьянма 5 упайды эсептерине жаза алды. Тайпда башкы сапта 13 упайы менен Индия курамасы жайгашса, 4-орунга упай топтой албаган Макао жазылды.

Ошентип Кыргызстан курамасы кийинки этапка чыгууга алдын ала жолдомо камсыздай алды.