Жаңылыктар
Кыргыз радиосунун обосунда "Поэзия күнү" өттү
Маданият
Кыргыз радиосунун обосунда "Поэзия күнү" өттү

21-март күнү  КТРКнын Кыргыз радиосунда Нооруз майрамы менен биргеликте залкар акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата жана бүткүл дүйнөлүк поэзия күнүнө арналган "Поэзия күнү" белгиленди.

Поэзия күнүндө 70тей акын мейманда болушту. Алар  Кыргыз Республикасынын Эл акындары Надырбек Алымбеков, Токтосун Самудинов, Гүлсайра Момунова, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Сейит Жетимишов, Зухра Жаманкулова жана кыргыз акындарынын ичинен жалгыз Есенин сыйлыгына татыган  Нурлан Калыбеков жана башка белгилүү акындар.

Жана дагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамира Ниязалиева жана Борбордук шайлоо комиссиясынан келишип куттук сөзүн айтып, жакшы маанай тартуулап кетишти.

Иш-чаранын өзгөчө коногу боордош түрк элинин кулуну Ибрахим Туркхан болду. Ал Кыргызстанга атайын келип кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгын изилдеп, талдап, ырларын түрк тилине которгон.