Жаңылыктар
“Кыргыз темир жолу” ишканасы жаңы техникалар менен толукталууда
Кыргызстан жаңылыктары
“Кыргыз темир жолу” ишканасы жаңы техникалар менен толукталууда

“Кыргыз темир жолу” ишканасына жаңы техникалар келди. Жүк ташуучу вагондор кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан берилген насыяга алынды. Бүгүнкү күндө жаңы сатып алынган техниканын 90у Жалал-Абадда иштеп жатат. 

Жыйырма вагон салтанаттуу кабыл алынды. Алдыдагы күндөрү дагы 40 жүк ташуучу вагон кыргыз темир жолуна келет. 


Жүк ташуучу жаңы 20 жыйырма вагон. Ачык вагондордо көмүр, темир жана катуу жүктөр ташылат. Буга чейин мындай вагондун жыйырмасы келип, учурда Жалал-Абад бекетинде иштеп жатат. Вагондордун сыртында анын кайсыл жылы чыкканы жана канча жүк ташый турганы жазылган.

Темир жолго сатып алынган жүк ташуучу унаалардын саны 150. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 4 пайыздык үстөк пайыз менен насыяга алынды. Тендер өткөн жылдын апрелинде өткөн. Ага төрт фирма катышып, натыйжасында Казакстандык завод утуп алган.  Бул вагондордун сатылып алынышы өлкөдөгү жүк ташуучулардын маселесин жеңилдетет. Техникалардын иштөө мөөнөтү 22 жылга эсептелген.