Жаңылыктар
Ашыкча ысырапкорлукка жана тойдогу чектен ашкан жоруктарга карата аракеттер
Кыргызстан жаңылыктары
Ашыкча ысырапкорлукка жана тойдогу чектен ашкан жоруктарга карата аракеттер

Бир катар интеллигенция өкүлдөрү менен коомдук ишмерлер той өткөрүүнүн жаңы форматын иштеп чыгууда. Бирок кабыл алына турган эреже элге таңуулабастан, сунуш катары берилет. Демилгечилер ашыкча ысырапкорлукка жана тойдун алып баруучуларынын чектен ашкан жоруктарына тынчсызданууда. 

Тойкана ачып, кызмат көрсөткөндөрдүн көбөйүп жатышы бекеринен эмес. Элдин шаан-шөкөткө жакындыгы бул багытта иш алып баргандарды каражатсыз калтырбайт. Оор шартта жашаган үй-бүлө үчүн той-аштарды өткөрүү да, ага мейман болуп баруу да олуттуу чыгым. 


Мындан улам бул көйгөйдөн чектөө аркылуу кутулуу сунушу парламент трибунасында да жаңырып, мыйзамдарды кабыл алууга чакырык жасалган. Ал эми соңку демилге таңуулап эмес, сунуш катары, элдин аң-сезимин ойготуу максатында көтөрүлдү. Тойлордун эрежесин иштеп чыгуу үчүн интеллигенция өкүлдөрүнүн, коомдук ишмерлердин башы биригүүдө.


Тойду өткөрүүнүн сценарийи үчүн атайын сынак да жарыяланды. Анын жеңүүчүсү 50 миң сом байгеге ээ болот. Бирок кандай гана эреже сунушталбасын, ал коомчулук тарабынан колдоого ээ болоорунан күмөн санагандар бар. Кыргыздын табияты тойго жакын экенин, ал улуттун меймандостугун даңазалап тураарын айткандар да бар.