Жаңылыктар
КТРКнын Байкоочу кеңеши 5 радионун ишмердүүлүгүнө алгылыктуу деген баасын берди
УТРК жаңылыктары
КТРКнын Байкоочу кеңеши 5 радионун ишмердүүлүгүнө алгылыктуу деген баасын берди

Коомдук каналдын Байкоочу кеңеши КТРКнын курамындагы 5 радионун ишмердүүлүгүнө алгылыктуу деген баасын берди. Бул туурасында Байкоочу кеңештин кезектеги отурумунда айтылды. 

Буга чейин Байкоочу кеңеш КТРКдагы 5 радионун ишмердүүлүгүнө, берүүлөрдүн маани-мазмунуна байкоо жүргүзүү боюнча жумушчу тобун түзгөн. 

КТРКда 5 радио бар. Алар, Кыргыз радиосу, Биринчи радио, Достук радиосу, Мин Кыял жана Балдар ФМ. 5 радио беш багыт боюнча иштеп, кыргызстан элинин руханий азык алуусуна зор салым кошуп келет деп айтылды жумуш топтун отчётунда.