Жаңылыктар
Каныбек Осмоналиевдин абитуриенттерден акча алгандыгы аныкталды
Коррупция
Каныбек Осмоналиевдин  абитуриенттерден акча алгандыгы аныкталды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев Кыргыз-Славян университетинин медицина факультетине 27 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алуу иши боюнча УКМКга сурак берди. 

"Азыркы тапта Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишин иликтөө аяктады. Анда Осмоналиев учурунда абитуриенттерден акча алгандыгы аныкталды. Материал Башкы прокуратурага андан ары сотко жиберүү үчүн жөнөтүлдү"-деп билдирди УКМК. 

Эске салсак экс-депутатка байланыштуу кылмыш иши 2014-жылы козголгон. Башкы прокуратура белгилегендей Кыргыз-Славян университетине 27 абитуриент Осмоналиевдин катынын негизинде мыйзамсыз кабыл алынган. Депутат бул кызматы үчүн 14 миң доллар алган.