Жаңылыктар
Кыргызстан менен Индия футбол командаларынын беттешине билеттер сатыла баштады
Спорт
Кыргызстан менен Индия футбол командаларынын беттешине билеттер сатыла баштады

Кыргызстан менен Индия футбол командалары беттеше турган оюнга билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, "Азия кубогу — 2019" акыркы таймашынын тандоо турунун алкагындагы оюн 27-март күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. 

Федерация тарабынан билет баалары бектилип, стадиондун түштүк тарабындагы орундуктар 250 сом, чыгыш тарабы 350 сом жана батыш тарабындагы орундуктар 500 сомдон сатылууда. Ал эми коноктор, тагыраагы Индия жарандары үчүн билет баасы 250 сом болот. 

Стадиондун кассалары күн сайын саат 11.00дөн 19.00гө чейин иштемекчи. Эске салсак, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянма менен беттеште 5:1 эсебинде жеңишке жетип, 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алды. Эми биздин команда Индиядан жеңилип калган учурда дагы жолдомо жокко чыгарылбайт.