Жаңылыктар
УКМК биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди суракка алды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди суракка алды

УКМК козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди суракка алды. Быйыл февралда КМШнын парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 2 миллион 61 миң сом уурдалганы ачыкка чыккан.

Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон. 

Закиров парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган. 

Мындан улам Закировго жасалма документтерди колдонуп акча каражаттарын өздөштүрүп алуу айыбы тагылып, камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.