Жаңылыктар
Күндүн темасы: Апрель айынан тарта аттракциондор үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет
Кыргызстан жаңылыктары
Күндүн темасы: Апрель айынан тарта аттракциондор үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет

Апрель айынан тарта аттракциондор үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет. Бул ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө таандык техникалык регламентте белгиленди. Буга ылайык эми жыл сайын техникалык кароо жана сертификациядан өтүү каралды. Коопсуз жабдыктар атайын маркировка же Евразиялык экономикалык уюмдун эмблемасын алышат. Биз бүгүн "Күндүн темасында" ушул багытта сөз кылабыз. Кыргызстандагы аттракциондордун техникалык  коопсуздук абалы талапка канчалык жооп берет, жаңы талапка канчалык даяр? 

Уктурууга Мамлекеттик госэкотехинспекциянын өнөр жай коопсуздугу башкармылыгынын башчысы Таалайбек Айдаркулов, Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу катышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"