Жаңылыктар
Ташкенттен Балыкчыга поезд жүрө баштады
Чек ара
Ташкенттен Балыкчыга поезд жүрө баштады

Ташкент - Балыкчы каттамындагы поезд «Бишкек-2» станциясына келип, андан ары Балыкчыга жөнөп кетти. 

Поездде 80 адамдан турган делегация келди. Алар Өзбекстандын темир жолунун, туризм, миграция тармагынын өкүлдөрү, жаштар жана журналисттер болду. 

Бул багыттагы поезд жумасына бир жолу каттайт. Мындан тышкары Ташкент -Тамчы авиакаттамы дагы бар. Өзбекстан - Кыргызстан - Кытай авиакаттамы буга чейин эле ачылган болчу. Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болгон сапарындагы негизги сүйлөшүүлөрдүн бири унаа байланышын жөнгө салуу болгон.