Жаңылыктар
Жарандардын өлкө башчысына кайрылуусу өсүүдө
Саясат
Жарандардын өлкө башчысына кайрылуусу өсүүдө

Сооронбай Жээнбеков Президент болгондон бери март айынын башына чейин өлкө жарандарынан 4 миңден ашуун кайрылуу келип түшкөн. Кайрылуулар түрдүү багыты камтыйт. Негизинен кыргызстандыктар Президентке соттордун жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу, жер бөлүштүрүүгө байланыштуу, ошондой эле социалдык-экономикалык жана башка көп маселелер боюнча жазышкан. 


Жазылган кат-кабардын баары Президенттик аппараттын жарандардын кайрылууларын кабыл алуучу бөлүмү топтойт. Белгилей кетсек, жообу көпкө күттүрбөйт.

Кыргызстандыктар Президент Сооронбай Жээнбековго төмөнкүдөй кайрылса болот.

Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчилигине жарандар төмөнкү жолдору менен кайрылышса болот:

1. Кайрылууну жөнөкөй почта кызматы менен жөнөтүүчү дарек - 720003, Бишкек шаары, Чүй проспекти 205, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппараты;

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кабылдамасы - 720003, Бишкек шаары, Чүй проспекти 207. Кыргызстан Профсоюз федерациясынын имаратынын күн чыгыш тарабы. Телефон: (0312) 62 23 78. Жарандарды кабыл алуу ишемби, жекшемби жана майрам күндөрүнөн тышкары саат 10.00дөн 17.00гө чейин жүргүзүлөт. Танапис: 12.30 - 13.30;

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча коомдук кабылдамасы - 714018, Ош шаары Ленин көчөсү 221. Телефон (03222) 5 61 87, факс (03222) 5 92 00. Жарандарды кабыл алуу ишемби, жекшемби жана майрам күндөрүнөн тышкары саат 9.00дөн 18.00гө чейин жүргүзүлөт. Танапис: 13.00 - 14.00;


Ошондой эле жарандар Биринчи радиодо айына бир жолу чыкчу “Биринчи кабылдама” берүүсүнүнө кайрыла алат. Ал эми президенттин расмий сайтына Кыргызстандагы жана чет өлкөдө жүргөн адамдарды кошо эсептегенде 233 кайрылуу
келген. 


Жалпы кабыл алынган элдин үнүн талдай келгенде көбүнчө сот, укук коргоо органдарынын иштерине тиешелүү болуп чыккан. Мамлекет башчынын тапшырмасы менен жарандардын кайрылуусу көзөмөлгө алынган.