Жаңылыктар
Инфраструктуралык долбоорлорго керектелүүчү чакан гранттар программасы ишке ашты
Экономика
Инфраструктуралык долбоорлорго керектелүүчү чакан гранттар программасы ишке ашты

“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги" аталган чакан гранттар программасы ийгиликтүү ишке ашып, Нарын жана Ош облусундагы 23 айыл аймагы 38 млн сом грантка ээ болду. 

Акча каражатын Швейцария өкмөтү бөлүп, ал социалдык маанидеги жана инфраструктуралык долбоорлорго керектелмекчи. 

Бала бакча, мектеп, маданият үйлөрүн оңдоп түзөө, спорт залдарды калыбына келтирип, таза суу, жол көйгөйлөрүн чечүү. Мына ушул багыттагы 38 долбоордун ар бирине бир млн сомдон бөлүү боюнча келишимге кол коюу аземи. Чакан гранттар программасы Швейцария өкмөтү тарабынан демилгеленип, каржыланууда.

Акча каражаты жергиликтүү бюджетке түз келип түшүп, программаны ишке ашыруу жакынкы күндөрү башталмакчы. Ал эми жергиликтүү кеңештер жана жергиликтүү жамаат жумуштардын аткарылышын тикелей көзөмөлгө алышат.

Гранттык программада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эл биргелешип иштеп, аймактагы артыкчылыктуу маселелерин чогуу чечкенге үйрөнөт. Бул өз кезегинде адамдардын жашоо шартын жакшыртууга, аймактарды өнүктүрүү багытындагы тапшырма милдеттерин аткарууга салымын кошмокчу.