Жаңылыктар
Борбордо кыргыздын улуттук кийимдерин калк арасында жайылтуу маселеси талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордо кыргыздын улуттук кийимдерин калк арасында жайылтуу маселеси талкууланды

“Салттуу билимдер азыркы кыргыз коомчулугунун пайдалануусунда” деген аталыштагы иш-чарада кыргыздын улуттук кийимдеринин өзгөчөлүгү, аны калк арасында жайылтуу маселеси талкууланды. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлду. 

Белдемчиге түшүрүлгөн сайма терс кайык деп аталат. Ал кездеменин тетири жагынан сайылганы менен өзгөчө. Терс кайык саймасы Чоң-Алай жана Мургаб кыргыздарына тиешелүү. 90 жылдай унутта калган кол өнөрчүлүктүн бул түрүн акыркы он жылдан бери Калия апа изилдеп, үйрөнүп, жандандырууда. Ал эмес терс кайык саймасын жандандыруучу деп кыргыз патенттен кагаз да алган.

Иш-чарада мындан сырткары, мырзалардын калпактарынын түрлөрү, айымдардын улуттук кийимдери жана жаш сүрөтчүлөрдүн колунан жасалган керамика идиштери көргөзмөгө коюлду.