Жаңылыктар
Бүгүн Нооруз майрамы
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Нооруз майрамы

Бүгүн кыргыз жергесинде көктөм майрамы болгон Нооруз майрамы белгиленип жатат. Аталган майрамга карата бардык аймактарда иш-чаралар белгиленип, ал эми борбор калаада ат оюндарынын акыркы туру өткөрүлүп жатат.

Нооруз майрамы биздин заманга чейинки 6-7- кылымдардан бери майрамдалып келет. Миңдеген жылдар өтсө да Нооруздун маңызы ушул күнгө чейин сакталып, ар кандай жөрөлгөлөр менен коштолот.

Ноорузда арча түтөтүп, айлана-тегеректи жамандыктан тазалоо ырымы жасалат. Бул жөрөлгө азыркы кыргыз турмушунда кеңири колдонулат.

Анан да Ноорузду дыйканчылыктын майрамы деп да аташат. Бул майрамдын өзгөрүүсүз келаткан дагы бир символу - өнгөн буудай. Өнгөн буудайды эл жаңырган жашоонун белгиси катары кабылдашат. Анан албетте, Нооруздун көркү сүмөлөктө. Аны даярдоо үчүн майрамга бир апта калганда эле камылга иши башталат.

Өнгөн буудай, боорсок, сүмөлөк эзелтеден бери Нооруздун маңызы бойдон калды. Бирок майрамда дасторкон жайуу салты заманга жараша өзгөрүп келет. 

Чет элдеги кыргыз жарандары дагы Ноорузду бөтөн эл, бөтөн жерде жүрсө да, кыргыз элине таандык салт-санаа менен шаан-шөкөт менен белгилешет. Ал тургай океандын ары жагындагы кыргыздар дагы Ноорузда ак калпак, кыргыз кийимин кийип, кыргыз элинин улуулугун, сулуулугун ал тургай океандын ары жагындагы кыргыздар дагы Ноорузда ак калпак, кыргыз кийимин кийип, кыргыз элинин улуулугун, сулуулугун даңктап келет.

Анан да Нооруз борбор Азияда улуттар биримдигинин символу болуп келет. Мындан улам, 2010-жылы Бириккен Улуттар Уюму 21-март Эл аралык Нооруз күнү деп белгиленген. Бул резолюциянын долбоору Таджикстан, Азербайджан, Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Иран, Түркмөнстан жана Түркиянын делегациялары тарабынан даярдалып жана Башкы Ассамблеяга сунушталган. 

Ошентип, Нооруз улустун эле эмес, улуттар биримдигинин да майрамы болуп калды. Ошол ар улуттун өкүлдөрүн бир түндүктүн алдына бириктирүү демилгесин Кыргызстан колго алган. Тагыраак айтканда, дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруп келет. Албетте, бул иш-чара ааламдашуу доорунда дүйнө элинин ынтымагын ширелиштирет. Анан да ата-бабалар басып өткөн жол менен көчмөндөр маданияты даңкталат.