Жаңылыктар
Кемероводогу өрттөн каза болгондордун саны элүү бирге жетти
Дүйнө
Кемероводогу өрттөн каза болгондордун саны элүү бирге жетти

Кемероводогу өрттө каза болгондордун саны элүү бирге жетти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирет. Бир аз мурда эле дайынсыз жоголгондордун саны 69, алардын 40ка чукулу балдар деп кабар тараган. Бирок өрт курмандыктары тууралуу сандар улам өзгөрүп жатат.

Учурда издөө-куткаруу иштери улантылууда. Болжол менен 1 миң 500 чарчы метрден көп аянт өрттөнгөн. 

Тилсиз жоо шаардагы "Зимняя вишня" соода комплексинин төртүнчү кабатындагы оюн-зоок борборун каптаган. Ага эмне себеп болгону айтыла элек. 30 адам ооруканага жаткырылды.