Жаңылыктар
Крестинин: өз стадионубузда оюн өткөргөндү сагындык
Спорт
Крестинин: өз стадионубузда оюн өткөргөндү сагындык

Бишкекте 27-мартта футбол боюнча Кыргызстан менен Индиянын курама командалары беттешет. Оюн келерки жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына тандоонун алкагында өтөт. 

Кыргызстандын командасы Мьянманын курама командасын 5:1 эсебинде жеңгенден кийин 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган. Кыргызстан бул оюндан жеңилип калган учурда да жолдомо жокко чыгарылбайт. Бир нече күн мурда аталган оюнга билеттер сатыла баштады.

Команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин айтканына караганда, учурда Кыргызстан курамасындагы оюнчулар беттешке толугу менен даяр.

"Кыргыз футбол күйөрмандарын Азия Кубогуна жолдомо алышы менен куттуктайм. Мындай оң жыйынтык өзү эле келген жок. 3 жылдан ашуун убакыттан бери тажрыйбалуу оюн көрсөтүп келе жатабыз. Азия Кубогуна өткөнүбүз менен Индия менен боло турган беттеште толук күчүбүз менен таймашабыз. Эртеңки беттешке чейин даярданууга убакыт бар, бул убакытты туура пайдалануу керек. Айтып кетсем биздин команда толугу менен түзүлө элек, биз жаңы өнүгүп келе жатабыз. Учурда белгиленген деңгээлге чейин жеттик, бул белгиден ылдый түшпөй, алдыдагы ийгиликтерди багынтуу керек. Ошондой эле 2017-жылы биздин курама өз талаабызда аз оюн көрсөттүк. Дөлөн Өмүрзаков стадионундагы маанайды бардыгыбыз сагындык".

Ал эми Индия курамасынын машыктыруучусу Стефан Константин жеңиш үчүн болгон аракеттерин жасаарын белгиледи.

"Биз Бишкеке жеңилүү үчүн келген жокпуз. Бул оюн биз үчүн Азия Кубогуна даярдык катары бааланып, даярданууну дал ушул оюндан баштайбыз. Улуттук курама команда ойноп жатканда утулуу дегенди ойлобой, мыкты оюн көрсөтүүлөрү керек".

Кыргызстан - Индия курамаларынын беттеши 27-мартта саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат.