Жаңылыктар
Улуттук тарых музейине Кеңешбек Алмакүчүков жетекчи болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук тарых музейине Кеңешбек Алмакүчүков жетекчи болуп дайындалды

Бишкектеги Улуттук тарых музейине Кеңешбек Алмакүчүков жетекчи болуп дайындалды. Тийешелүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кол койду. 

Кеңешбек Алмакүчүков 54 жашта. Экономика илимдеринин доктору, доцент. Ал эми музейдин мурдагы директору Анаркүл Исираилова директордун илимий иштер боюнча орун басары болуп дайындалды. 

Азыркы учурда тарых музейи толугу менен оңдолууда. Музейге президенттин жарлыгы менен “Улуттук” макамы ыйгарылган эле.