Жаңылыктар
Күндүн темасы: Эрте никеге туруу өспүрүм кыздардын жашоосуна залакасын тийгизип жатабы?
Кыргызстан жаңылыктары
Күндүн темасы: Эрте никеге туруу өспүрүм кыздардын жашоосуна залакасын тийгизип жатабы?

Өспүрүм кыздардын укугун коргойбуз, эрте никеге жол бербейбиз аттуу жыйын өткөн жуманын аягында Бишкекте өттү. Анда белгиленгендей  бүгүнкү күндө деле  республиканын аймактарында  эрте никеге туруу көрүнүштөрү, мажбурлап турмушка берүү учурлары орун алып жатат. Адистер коңгуроо каккан бул маселе канчалык актуалдуу, эрте никеге туруу кыздардын жашоосуна залакасын тийгизип жатабы, ата-эненин бул маселеде ролу канчалык?  Эксперттик топ,айрым  эл өкүлдөрүнүн ала качуу, күчтөп турмушка берүү окуялары мектепти бүткөн учурга туш келет деген канчалык негиздүү? 

Уктурууга ЖКтин КСДП фракциясынын депутаты Орозова Карамат Бабашевна, “Аялдарды колдоо” коомдук бирикмесинин координатору Элиза Ажиева катышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"